Депутат: Милиция Мадумаровдун 13 жаштагы уулун 3 саат кармап отурган

Депутат: Милиция Мадумаровдун 13 жаштагы уулун 3 саат кармап отурган

ИИМдин кызматкерлери 2-сентябрда депутат Адахан Мадумаров менен бирге 13 жаштагы уулун кармап кетип, жашы жете элек баласын 3 саат Тергөө кызматына кармап отурган. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожомкулова билдирди.

Анын айтымында, Мадумаров 13 жаштагы баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМдин атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткен.

«Атайын багыттагы кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо жүргүзүп жатканда да үй-бүлө мүчөлөрүн кармабайт. Балдарына да, аялына да тийбейт. Мадумаров 13 жаштагы баласы менен көчөгө чыкканда, аларды атайын багыттагы кызматкерлер кармап, алып кетишкен. Баланы «кармалган адам» (задержанный) катары ИИМдин Тергөө кызматында 3 саат кармап отурушкан. Бул туура көрүнүшпү?! Бул кыжырды келтире турган факт», — дейт ал.

Анын айтымында, Мадумаровду кармаганга чейин милиция ага суракка чакыруу кат жөнөткөн эмес, телефон аркылуу да чакырган эмес.

Ошондой эле Кожомкулова Мадумаровго карата коюлган айыптын беренесинин өзгөртүлгөнү тууралуу сөз кылып, 2022-жылы башкы прокурор Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча кылмыш жообуна тартуу тууралуу сунуш киргизгенде, парламент макулдугун бербегенин белгиледи. Кожомкулова билдиргендей, арадан 1 жыл өткөндөн кийин башкы прокурор «бийликтен аша чабуу» беренеси менен сунуш киргизип, бул ирет Жогорку Кеңеш макулдук берген. Ошол эле учурда парламенттин Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча жоопко тартуудан баш тартканы тууралуу токтому күчүндө турат. Бирок ага карабай Мадумаровго коюлган айып «бийликтен аша чабуу» беренесинен «мамлекеттик чыккынчылык» болуп өзгөртүлгөн.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>