Милиция Адахан Мадумаровду кармап кетти. Кайсы иш боюнча?

Милиция Адахан Мадумаровду кармап кетти. Кайсы иш боюнча?

Милиция Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду ИИМге суракка алып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Мадумаров ИИМге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» иши боюнча суракка алынып кеткен. Буга чейин парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду аталган иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Бул иш Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу.

Мадумаровдун ИИМге алынып кеткени тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан да ырасташты.

Эскерте кетсек, 31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден кайрылуу келип түшкөнүн билдирген.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылып жатканы айтылган.

Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк, 22-июнда депутаттык комиссия Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>