Май айында кыргызстандыктар үч майрамга карата эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Алар:
— 1-май — Эмгек майрамы;
— 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
— 9-май — Жеңиш күнү.
Буга байланыштуу 1-5-май дем алыш күндөрү болуп эсептелет.
Анын ордуна 6-май жана 11-май күндөрү иш күнү болот.