Мэр: Ататүрк паркындагы үй ээлери жерди өздөрү муниципалитетке өткөрүп берсе болот

Мэр: Ататүрк паркындагы үй ээлери жерди өздөрү муниципалитетке өткөрүп берсе болот

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил багында мыйзамсыз курулган үйлөрдүн жер тилкеси муниципалитетке кайтарылат. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал кабыл алынган токтомго ылайык 124 негизсиз токтом жокко чыгарылып, 198 объект уруксатсыз жайгашканы аныкталды. Мэрия 1992-жылдагы чечимге ылайык парктын 43 гектар жерин калыбына келтирет.

Айбек Жунушалиев бул өлкө жетекчилиги менен макулдашылганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Муниципалитет тарабынан ыкчам чаралар көрүлөт. Үйлөрдүн баарын бузуу планыбыз жок, сот аркылуу чечүү жана кайра кабылына келтирүү чаралары көрүлөт. Ал жер муниципалитеттик жер болот», — деди ал.

Мэр үй ээлерин үйлөрүн жана жер тилкелерин өз эрки менен муниципалитетке өткөрүп берүүгө чакырды.

«Эч кандай компенсация берүү жолу каралган эмес. Элдер аны парк экенин, ал жерде үй курууга мүмкүн эместигин билип туруп алышкан. Мыйзамсыз чечимдерди чыгарган жооптуу кызматкерлер боюнча прокуратурага маалымат жөнөтүлдү», — дейт ал.

Ататүрк багындагы үйлөр бузулабы? Мэриянын жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>