Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр энергиянын баасы көтөрүлө турганын эске салды.
Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы 10 жылда өлкөдө электр энергиясын керектөө 3,6 млрд кВт/саатка көбөйүп, энергетикалык системага оорчулук алып келүүдө. Мындан улам жабдыктар эскирип, алмаштыруу үчүн трансформатор, генераторлор, кабелдер чет жактан сатып алынууда. 2024-жылы энергетика тармагында 8,1 млрд сом таңкыстык болгон.
Энергетика министрлиги электр энергиянын баасы анын өздүк наркын актабай жатканын айтат. Маселен 2024-жылы 1 кВт/сааттын өздүк наркы 2,72 сомду түзгөн. Ал эми керектөөчүлөр үчүн орточо тариф 2,11 сом болгон. Бул айырма бюджеттик насыянын эсебинен жабылган.
Министрлик тарифтер электр энергиясынын өздүк наркына акырындык менен жеткирилерин кабарлады.
Тарифтер 1-майдан тарта кандай өзгөрөт?
- Калк үчүн 700 кВт/саатка чейин – 1,37 сом (азыр 1,11 сом)/700 кВт/сааттан ашканда – 2,60 сом (азыр 2,39 сом);
- Социалдык жана коомдук мекемелер (мектептер, бала бакчалар, диний уюмдар) – 2,62 сом (азыр 2,12 сом);
- Өнөр жай ишканалары – 3,34 сом (азыр 3,18 сом);
- Коммерциялык керектөөчүлөр – 3,96 сом (азыр 3,77 сом);
- Бюджеттик мекемелер – 4,09 сом (азыр 3,77 сом);
- Энергияны көп талап кылган тармактар (майнинг, алкоголдук өндүрүш) – 6,06 сом (азыр 5,58 сом);
- Электр унааларды кубаттоочу станциялар – 5,31 сом (азыр 4,90 сом).
2030-жылга чейин электр энергиянын баасын 3,40 сомго жеткирүү пландалууда