Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Майрам Акаева Кыргызстанга келди
25.01.2022 | 17:38
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине алардын үй-бүлөлүк досу Бекболот Талгарбеков билдирди.
Анын айтымында, Майрам Акаева апасын акыркы сапарга узатуу үчүн келген. Ал Талас облусуна жөнөп кеткен. Майрам Акаева менен бирге анын уулу Илим да өлкөгө келген.
Анын апасы 104 жашында кечээ, 24-январда Талас облусунда дүйнө салган.
2021-жылдын декабрь айында экс-президент Аскар Акаев да Бишкекке келип кеткен. Ал Кумтөр иши боюнча УКМКга көрсөтмө берген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат