Ысык-Көлдө майрам күнү эки кой уурдаган адам видеого түшүп калган

Ысык-Көлдө майрам күнү эки кой уурдаган адам видеого түшүп калган

Ысык-Көлдө мал уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБге 28 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 31-август күнү болжол менен саат 08.00дөн 16.00гө чейинки аралыкта шаардын Дружба менен Харьков көчөлөрүнүн кесилишинде аркандалып турган 2 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш болгон жерде орнотулган видеокөзөмөл камераларын карап чыккан милиция кызматкерлери, камералардын бирине түшүп калган азиат улутундагы жаран уурдалган малды жетелеп баратканын аныкташкан. Бул кылмыштын бетин өз учурунда ачуу үчүн кылмышка шектүүнүн сүрөтү Каракол ШИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тышкы кызматтарына жөнөтүлгөн.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири жана милиционери Асылбек уулу Адилет менен Т.Өмүрканов коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нөөмөттө жүрүп, өзүнүн багытында шектүү жаранды байкап калышат. Милиция кызматкерлери аны токтотуп, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына алып барышат. Ал Ак-Суу районунун Челпек айылынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон К.Б. болуп чыкты.  Шектүү жаран мал уурулук боюнча күнөөсүн мойнуна алган.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөө амалдарынын жүрүшүндө үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>