Кара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстан күйүүчү майды жеткирүү боюнча эки өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдө
Максат ажы Токтомушев муфтий кызмат ордуна арыз бердиби? Жооп
16.03.2021 | 17:06
Максат ажы Токтомушев Кыргызстандын муфтий кызматына арыз берген жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Аалымдар кеңешинен билидиришти.
Социалдык тармактарда Токтомушев муфтийлик кызматка кайтып келгендиги тууралуу ар кандай маалыматтар пайда болду.
Ушуга байланыштуу, Reporter.kg Муфтияттын басма сөз кызматы менен байланышканда бул маалыматты четке кагышты.
Андан ары Аалымдар Кеңеши редакцияга Токтомушев муфтийликке документтерин тапшырбагандыгын, бирок документтер 17-мартта саат 18: 00гө чейин кабыл алынарын маалымдады.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата Аалымдар кеңешине бул кызматка төрт адам документтерин тапшырган.
- Максат ажы Токтомушев ажылардын каражаты менен каржылык мыйзам бузууларга шектелип кармалган.
- Сот аны үй камагына чыгарды.
- Андан соң, мурдагы муфтий социалдык тармактарда пайда болгон УКМКнын кызматкерлерине пара сунуштап жатат деген видео боюнча комментарий берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом