Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

Алмазбек Акматалиев Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми академиянын ректору болуп Айгюль Калчакеева дайындалды. Тиешелүү чечимдерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

52 жаштагы Айгюль Калчакеева 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Ал — экономика илимдеринин кандидаты, доцент.

2002–2005-жылдары Бишкек финансы-экономикалык академиясында «Каржы жана салык салуу» кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ал эми 2016–жылдан 2022-жылдын ноябрына чейин Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин академиялык маселелер жана стратегиялык пландоо боюнча вице-президенти болгон.

2022-2023-жылдары Казакстандагы Санариптик туруктуу өнүгүү агенттигинде өнүгүү боюнча улук консультант болуп иштеген. 2023-жылдын сентябрынан бери Борбордук Азиядагы Корей институтунун окуу иштери боюнча проректору болуп иштеп келе жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>