Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы отставкага кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы отставкага кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө арыз берди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Исакулов командага колдоосу жана биргелешкен иши үчүн ыраазычылыгын билдирип, фонд мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жооптуу экендигин белгиледи.

“Биргелешкен 1,5 жылдын ичинде биз автоматташтырууну киргизүү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча бир топ иштерди жасадык, фонддун иши ачык болуп, бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткарды. Демек, мындан ары дагы таза жана абийирдүү иштөө керек ”, — деди Исакулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>