«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат берди

«Манас» эл аралык аэропорту убактылуу чектөөлөргө байланыштуу айрым жүргүнчүлөр үчүн жабык унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат берди. Эми улгайган адамдар, балалуу энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана оорукчан жүргүнчүлөр түз эле жабык аймакка чейин кире алышат.
Аэропорттун маалыматына караганда, учурда терминалга кирүү күткөн жана узатып жаткан адамдар үчүн убактылуу чектелген. Бирок жүргүнчүлөрдүн жана алардын жакындарынын ыңгайлуулугу үчүн тамак-аш жана суусундук сатылуучу жайлар, ошондой эле жабык күтүү зонасы уюштурулат. Бул аймак жүргүнчүлөргө жамгырдан же кардан корголгон шартта күтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, эки жуманын ичинде терминалга чейин болгон аралык 300 метрге кыскартылат. Бул жүргүнчүлөрдүн аэропорттун имаратына тез жана ыңгайлуу жетүүсүн камсыз кылат.