Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
«Манас» аэропортундагы калың тумандан улам 15 каттам башка шаарларга багытталды
18.12.2025 | 10:42
Бүгүн эртең менен аба ырайынын катаал шарттары өлкөнүн башкы аба майданынын ишин үзгүлтүккө учуратты. Коюу тумандан улам көрүү мүмкүнчүлүгү начарлап, «Манас» эл аралык аэропорту учактарды кабыл алууну убактылуу токтотууга аргасыз болду.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук максатында 15ке жакын каттам резервдик аэродромдорго жөнөтүлдү. Бишкекти көздөй учуп келе жаткан учактар Тамчы, Ташкент жана Алматы аэропортторуна конууга туура келген.
Компаниянын басма сөз кызматы Reporter.kg басылмасына тастыктагандай, эртең мененки саат 08:30дан кийин аба ырайы турукташып, көрүү мүмкүнчүлүгү жакшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом