Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейт
«Менин шаарым»: Коомдук транспортту онлайн көзөмөлдөө функциясы эми аймактарда жеткиликтүү
18.12.2025 | 10:47

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакытта көзөмөлдөө функциясы эми өлкөнүн аймактарында да жеткиликтүү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми бул кызмат Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок шаарларында иштейт. Бул жарандарга жол жүрүүнү ыңгайлуу пландаштырууга шарт түзөт.
Мэрия алдыда «Менин шаарым» тиркемесинин функционалы дагы кеңейтилип, Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом