Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
«Манас» аэропортунун акциялары жаңы рекорд койду
19.10.2021 | 10:55
Кыргыз фондулук биржасынын тутумунда 18-октябрдагы сооданын жыйынтыгы боюнча “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары менен эки бүтүм катталган. Алардын жалпы суммасы 300 миң сомду түзүп, бардыгы болуп 750 баалуу кагаз сатылган. Бул туурасында “Акчабар” жазды.
Маалыматына караганда, аба порттун акциялары бир акция үчүн 400 сомго жетти. Бул жаңы рекорд. Мурдагы соодалашуунун жыйынтыгында баалуу кагаздардын баасы 360 сомду түзүп, 2,85%га жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын башынан бери “Манас” аэропортунун акциялары 325 сомдон 23,07%га өстү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика