Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге акча бөлүндү

Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге акча бөлүндү

Бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети кызыл зонада иштеген дарыгерлер үчүн 408 млн. сомду бөлүп берүү боюнча токтом долбоорун жактырды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтуусунда, 1-январь айына чейин кызыл зонада иштеген дарыгерлерге жетет, ошондой эле август, сентябрь айында иштеген медкызматкерлерге да төлөнөт.

Муну менен катар кызыл зонада иштеп ооруп калган медкызматкерлер үчүн конпенсацияга акча каражаты бар. Болгону айрым бейтапкана жетекчилеринин тиешелүү документтерди толтурбаганы үчүн кечеңдеп жаткан. Медициналык камсыздоо фондуу тарабынан да шалаакылык кеткенин министр белгиледи.

Кызыл зонада иштеген дарыгерлер август, сентябрь айынын акчасын ала элек. Ошондой эле кызыл зонада иштеп жүрүп ооруп калган дарыгерлердин көбүнө  да конпенсация бериле элек болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>