ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
“Манас” аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланып, 7 ооруканага жаткырылган
23.07.2019 | 17:38
Бишкектеги “Манас” аэропортунун 9 кызматкери тамакка ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер 20-июлдан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 9 кызматкер кайрылган. Кайрылгандардын 7 ооруканага жаткырылып, экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.
Алар 18-июлда түшкү жана кечки тамактануу үчүн аэропорттун аймагындагы “Экипаж” ашканасында даярдалган муздак куксиге ууланышкан.
Ооруканага жаткырылган 7 адамдын абалы учурда туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом