Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
Манас жолу: Мотоцикл 50 жаштагы аялды өлтүрө сүздү
20.09.2021 | 09:17
1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.
Окуя 19-сентябрь күнү кечки сегиздер чамасында болгон. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.
Киши коюп кеткен мотоцикл айдоочусу Сокулук милициясына окуяны териштирүү үчүн алып кеткен.
Алдын-ала маалыматтарга ылайык, жолдун боюндагы Учкун-2 айылынын тургундары жолду жабышкан. Алар бийликтен жол чийиндерин коюп берүүлөрүн талап кылышууда. Болбосо көп кырсыктар болуп жатканын жүйө келтиришкен. Жергиликтүү жашоочулар саат 23:00 чамасында жолду ачып, тарашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар