Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Мандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди
18.02.2026 | 11:25

Мандатын тапшырган мурдагы депутат Эльдар Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди. Бүгүн, 18-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Азизбек Абдуллаевди №5 округ боюнча Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп таануу боюнча токтом кабыл алды.
Кечээ, 17-февралда, БШК мурдагы депутат Эльдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Сулайманов мандатты өз арызынын негизинде тапшырган. Буга эмне себеп болгону маалымдалган жок.
БШКнын сайтындагы маалыматтар боюнча жаңы депутат Азизбек Абдуллаев 36 жашта, ал Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
- 2010-жылы Ички иштер министрлигинин Ош облусундагы патрулдук кызматында иштей баштаган.
- 2015–2016-жылдары Араван райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенген.
- 2016–2021-жылдар аралыгында Жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.
- 2017–2021-жылдары Араван районундагы Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат