Марадонанын өлөр алдында акыркы айткан сөздөрү белгилүү болду

Марадонанын өлөр алдында акыркы айткан сөздөрү белгилүү болду

Легендарлуу футболчу Диего Марадонанын көзү өткөнгө чейинки акыркы сөздөрү кандай болгонун Британиялык Mirror басылмасы Аргентина маалымат каражаттарына шилтеме берип жарыялады.

25-ноябрда эртең менен Марадонанын өңү кубарып ойгонуп, үшүп жатканын айткан. Бирок, ал эртең мененки тамакты жеп, андан кийин жээни Джонни Эспозитого: «Мен өзүмдү жаман сезип жатам» деп, төшөгүнө кайткан.

Марадона ооруканадан чыккандан кийин ага кам көргөн медайым токтоосуз тез жардам кызматын чакырган. Чакырууга бир нече медициналык топ келишкен, бирок ал кеч болуп калган. Футболчу жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө жүрөгү токтоп каза болгон. 

Маалыматка ылайык, Марадона 30-октябрда ооруканага жаткырылып, башына операция жасалган. 12-ноябрда ооруканадан чыккан. 

Диего Марадона 1986 – жылы Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон. Өткөн кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири катары футбол дүйнөсүндө таанымал спортчу болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>