Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Марафон: Эдил Байсалов 10 чакырымга чуркады
14.05.2022 | 13:11
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Run the Silk Road эл аралык марафонунда 10 чакырымга чуркады.
Эдил Байсалов чуркоо тууралуу журналисттерге комментарий берип жатып, бул анын марафонго катышуудагы биринчи тажрыйбасы эмес экенин билдирди.

«Бул аралыкты болжол менен 1 саат 12 мүнөттө чуркадым. Биринчи келген жокмун, бирок акыркысы дагы эмес. Лондондо марафондорго катышып жүрчүмүн, азыр жумушка байланыштуу чуркабайм. Ошентип, бүгүн даярдыксыз чуркадым. Бирок кыйын болгон жок, тескерисинче, 10 чакырымга чуркоо чоң кубаныч болду», – дейт Эдил Байсалов.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт