Марипов: ЖОЖдор студенттердин контракттарын миң сомго кыскартууну айтышты. Биз макул эмеспиз

Марипов: ЖОЖдор студенттердин контракттарын миң сомго кыскартууну айтышты. Биз макул эмеспиз

Премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы түз эфир учурунда онлайн режиминде окуган студенттердин контракт маселеси чечилерин билдирди.

«Президент Садыр Жапаров бизге тапшырма берди, биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз. Ооба, студенттер онлайн режиминде окушат, ЖОЖдордун жетекчилиги бул маселени карап чыгып, келишим боюнча бир миң сомго гана арзандатуу жасай тургандыктарын билдиришти. Биз буга макул эмеспиз, андыктан башка альтернатива издеп жатабыз. Маселе жакынкы аралыкта чечилет», — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов Facebook жана Instagram социалдык тармактарында катталды. Ал жактан жарандар каалаган маселеси тууралуу суроолорун узата алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>