Өлтүрүлгөн Айзирек Эралиеванын беш баласын кайын агасы камкордукка алууга даяр, — акыйкатчы

Өлтүрүлгөн Айзирек Эралиеванын беш баласын кайын агасы камкордукка алууга даяр, — акыйкатчы

Кара-Кулжада өлтүрүлгөн 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын кайын агасы келиндин артында калган беш баласын камкордукка алууга даяр. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Айзирек Эралиеванын артында беш баласы калды. Балдарынын эң улуусу 17 жашта, Бишкек шаарындагы коллеждердин биринде билим алат. Ал эми, экинчи уулу — 9-класстын окуучусу, үчүнчү уулу — 11 жашта, төртүнчүсү — 7 жашта кыз, эң кичүү кызы — 4 жашта.

Балдарды аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Бнын. бир тууган агасы камкордукка алууга даярдыгын билдирди.

Акыйкатчы Институту 2024-жылы аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен өткөн жылы тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон. Институт Айзирек Эралиеванын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 26-май күнү саат 23:20 чамасында Өзгөн РИИБне 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын сөөгү ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын октон алган жаракатынан өлгөнүн ырасташкан.

Окуя Өзгөн РИИБ тарабынан каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип маркум келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

2024-жылы Акыйкатчы Институтуна үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу 40 кайрылуу болсо, 2025-жылдын 5 айында 11 даттануу келип түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>