16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмеси
Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты башка талапкерге тапшырылат
30.07.2020 | 16:00
Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты башка талапкерге тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргенин “super.kg” жазды.
Абдыжапар Бекматов “Ыйгарым укугу токтотулган депутаттардын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерге мандат тапшырылышы керек экенин айтты.
“Кечээ күнү Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселе боюнча аталган комиссияга кайрылган”, – дейт Бекматов.
Бул мандат Роза Баратовага тапшырылышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат