Милициянын генерал-лейтенанты, маркум Молдомуса Конгантиев кичүү уулу Тариэлди үйлөнткөнү жаткан. Бул туурасында маркумдун досу Тургунбек Темирбаев коштошуу зыйнатында билдирди.
Анын айтуусунда, өмүрүнүн акыркы күндөрү уулун үйлөнтүү үчүн даярданып, атайын пландарды көрүп жаткан. Ноокенге куран окутууга барып, ошол жактан кайтыш болду.