Акылбек Жапаров өлгөндөр жөнүндө чындыкты айтты (ВИДЕО)

Акылбек Жапаров өлгөндөр жөнүндө чындыкты айтты (ВИДЕО)

Латын сөзүндө “Өлгөндөр жөнүндө чындык”  деген макал бар. Бүгүн Молдомуса Конгантиев боюнча чындык айтылышы керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында билдирди.

Ошондой эле ал, Конгантиевдин кыргыз милициясына кошкон салымы туурасында белгилеп өттү.

 

Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Адистиги-укук таануу. Юридикалык илимдердин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.

Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган. Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал — Абад шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.
Молдомуса Конгантиев жогорку жоопкерчилик менен мүнөздөлүп, айырмаланчу, жаш кызматкерлер үчүн кынтыксыз кызматтын үлгүсү болуп саналат.

Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генерал-лейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>