Марлен Маматалиев: «Коопсуз шаардын» камералары жок жерлерде мурдагыдай коррупциялык схема жүрүп жатат

Марлен Маматалиев: «Коопсуз шаардын» камералары жок жерлерде мурдагыдай коррупциялык схема жүрүп жатат

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ар кандай” маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Марлен Маматалиев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маселе көтөрдү.

Маматалиев камера коюлбаган жерлерде мурдагы коррупциялык схема менен иш жүрүп жатканын билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоору жакшы иштеп жатат. Бирок жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер камера жок жерлерде мурдагы эле жоруктарын кылып жатышат. Алар эски протоколдорду түзүү менен өз чөнтөктөрүнө айдоочулардан алган акчаларды кымырып алышууда. Менин сунушум жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн атайын тиркеме иштеп чыгуу керек. Эгерде каражат жок дешсе өз чөнтөгүмөн чыгарып тиркеме жасатып берүүгө убадамды берем. Эртең, 1-ноябрда Кыргыз Милициясына 95 жыл толот,  алар үчүн ушул тиркемени белек кылат элем”, — деди Маматалиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>