Масалиев: Бийлик элден коркуп өзгөчө абал киргизген жок

Масалиев: Бийлик элден коркуп өзгөчө абал киргизген жок

Бийлик элден корккону үчүн өзгөчө абал киргизген жок. Мындай пикирди экс-депутат Исках Масалиев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Масалиев өзүнүн жеке пикирин: “ден соолук маанилүүбү же бийликпи?” — деген суроо менен баштаган.

“Өзгөчө абал режимин киргизүүнүн кажети жок деди Боронов. Дабасы жок илдетке чалдыккандар күн санап өсүүдө. Элдер учурда бул оорудан көз жума башташты. Эмне үчүн анда чектөөлөрдү киргизбей жатышат? Менимче, мунун эки себеби бар:

Биринчиси — бийлик элден коркуп жатат. Анткени, өзгөчө абал учурунда  элди багыш керек, бирок бюджетте акча жок. Бир канча убакыттан соң эл бийликти тарыхтын таштандысына түртүп жиберет.
Экинчиси — кандай жагдай болбосун күзүндө парламенттик шайлоону өткөрүү керек болуп жатат. Эл ооруй берсин, кыйнала берсин – парламентти шайлап алып, илдет менен андан ары күрөшөбүз. Ушундай жөнөкөй жана уятсыз. Жаңылган болсом, кубанмакмын”, – деп жазган ал.

Белгилей кетсек,  26-июндагы брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавируска байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал киргизилбей тургандыгын айтты.

Кыргызстанда соңку учурларда коронавирус күн сайын 200дөн ашык адамдын анализинен табылууда. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө 4 миң 204 адам коронавируска чалдыкты.  Алардын  ичинен 2 миң 162 адам илдеттен айыкса, 43 бейтап кайтыш болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>