Масалиев: Ташиевдин соңку билдирүүлөрү түздөн-түз сотторду коркутуу

Масалиев: Ташиевдин соңку билдирүүлөрү түздөн-түз сотторду коркутуу

Мындай пикирин саясатчы Исхак Масалиев “Фейсбук» баракчасына жазды. 

Анда ал сотторго кайрылып, кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн иштөөнү токтотуп, өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтарууга көмөктөшүүгө чакырган.

Ошондой эле УКМКнын башчысынын акыркы билдирүүлөрүн бардык сотторго түздөн-түз жана жеке коркутуу катары бааларын жазган.

“Соттор дагы адамдар, кээде интернетте жарыяланган нерсени окушат. Ушундан улам, мен түздөн-түз сот корпусуна кайрылгым келет — силерге эрктүүлүктү көрсөтүп, принциптерди кармана турган убак келди! Жакында эле Жогорку Сот түндөп, күчүнө кирген өздөрүнүн эле өкүмдөрүн жокко чыгарды. Конституциялык палата депутаттардын ыйгарым укуктарын узартуу боюнча мыйзамсыз чечимин колдойт! Мүмкүн жетишеттир!?! Урматтуу соттор, силерди саясатчылардай эле коомчулукта жактырбайт,   бирок сотто дайым ушундай — бир тарап ар дайым утулат.

Мен УКМКнын башчысынын акыркы билдирүүлөрүн БАРДЫК СОТТОРГО түздөн-түз жана жеке коркутуу катары баалайм. Алар бийликти кандайдыр бир жол менен басып алышканы аз келгенсип, эми силерге аңчылык башталып жатат. Андан кийин каршылаштарына аңчылык башталат. Кырдаал төмөнкүдөй — же силер ушул жарандардын тобун тейлөөнү улантасыңар же өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтарууга жардам бересиңер. Биринчи учурда силерди жоопко тартышат, бирок кийинчерээк. Экинчисинде, абийириңер таза болот. Бирок бул баа жеткис нерсе.

Мисалга — сот Курманкул Зулушев бир кезде белгилүү кылмыш иши боюнча айыптаган өкүм чыгаруудан баш тартып, жумуштан бошотулган, бирок кийинчерээк принциптерге баш ийүү ал үчүн өз жемишин берди — депутат болду, жөн эле депутат эмес жакшы депутат болду.Эми көпчүлүк андан Башкы прокурорлук кызматта дагы ошондой эле принциптүүлүктү күтүп жатышат. Албетте, досторуна кошулуп эле өзгөрүп кетпесе. Бардыгыбызга эң байыркы чындыкты үйрөтүшкөн — dura lex sed lex (мыйзам кандай катуу болбосун ал баары бир мыйзам)”, — деп жазган саясатчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>