Матраимовдун өкүл баласы “куугунтукка кабылдым” деп Ташиевдин кабыл алуусун өтүндү  — видео

Матраимовдун өкүл баласы “куугунтукка кабылдым” деп Ташиевдин кабыл алуусун өтүндү  — видео

Райымбек Матраимовдун өкүл баласы, Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үйү тинтүүгө алынды.  Бул тууралуу Сайпидинов видео кайрылуу жасап айтып чыкты. 

Кайрылуусунда Сайпидинов “куугунтукка кабылдым” деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусун өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти анын үйүндө тинтүү жүргөнүн тастыктап, “Ош облусунда саясий жана социалдык абалга уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин тийгизүүсүн алдын алуу боюнча” иш-аракеттин алкагында анын үйү тинтүүгө алынганын кабарлады. 

Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катталган.

УКМК Матраимов 20-октябрда кармалганын кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, муну менен мамлекетке ири  өлчөмдө зыян келтиргенин,  бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.  

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>