Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилет
Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
03.07.2025 | 15:59
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саясий кызматташтык, анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү тууралуу сүйлөшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат