Медер Абакиров Люксембургда өткөн жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдү

21.10.2025 | 12:36

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жетектеген делегация 20-октябрда Люксембургда өткөн «Өз ара аймактык байланыштуулукту өнүктүрүү күн тартибин илгерилетүү» темасында жогорку деңгээлдеги министрлик жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Европа Бирлигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа Бирлигине мүчө 27 мамлекеттин, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн, Азербайжан, Армения, Түркия, Молдова жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү катышкан.

Медер Абакиров иш-чарада сөз сүйлөп, Европа Бирлиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда сый-урматка жана кызыкчылыктарды эске алууга негизделген өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанисин белгилеген. Ал 2024-жылы кол коюлган Кыргызстан менен Европа Бирлигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишиминин маанилүүлүгүн белгилеп, анын ратификация процесси боюнча колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Мындан тышкары ал кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына транспорт, энергетика, санариптештирүү, соода-экономика тармактарындагы өз ара аракеттенүү жана жарандык авиация тармагындагы реформаларды киргизген. Ошондой эле маанилүү чийки зат ресурстары жана «жашыл» энергетика жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.

“Кыргыз тарап эл аралык милдеттемелерин аткарууга жана санкциялык саясат маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө болгон даярдыгын дагы бир ирет тастыктап, Европа Бирлиги менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу диалогду улантуунун маанисин белгиледи”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары бул иш-чаранын алкагында Медер Абакиров Европа Бирлигинин жогорку өкүлү Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн. Жолугушууларда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо, Камбар ата ГЭС-1ди куруу боюнча кол коюлган меморандумдардын практикалык жүзөгө ашырылышы, суу жана транспорт тармактарындагы реформалар, саясий диалогду бекемдөө жана аймактык коопсуздуктун туруктуулугун жогорулатуу маселелери талкууланган.

Scroll to Top