Араванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылды
Медер Абакиров менен АКШнын элчиси Лесли Вигери кыргыз-америка кызматташтыгындагы маселелерди талкуулашты
07.08.2025 | 14:14

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз-америка кызматташтыгы тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана консулдук чөйрөлөрдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашкан.
АКШнын виза саясатында миграциялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн эки тараптуу сапарларды уюштуруу демилгелери айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат