“Медиктерге кошумча акы төлөнбөгөнү аныкталса мекеме жетекчилеринин иши каралат”

“Медиктерге кошумча акы төлөнбөгөнү аныкталса мекеме жетекчилеринин иши каралат”

Эгерде медкызматкерлерге каралган кошумча акылар төлөнбөгөнү аныкталса, ал мекеменин жетекчисинин иши каралат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда брифингде вице-премьер-министри Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтуусуна караганда медициналык кызматкерлердин акысыз өргүүгө чыкканы сыр бойдон калуусун талап кылып жатышат деген арыздар түшүүдө.

“Саламаттык сактоо мекемелериндеги медициналык кызматкерлердин акысыз өргүүгө чыкканы сыр бойдон калуусун талап кылып жатышат деген арыздар түшүп жатат. Буга жол бербеш керек. Бул учурлар тууралуу тийиштүү текшерүүлөр жүрөт. Эгерде медкызматкерлерге каралган кошумча акылар төлөнбөгөнү аныкталса, ал мекеменин жетекчисинин иши каралат”, — деди Исмаилова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>