Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш байгесин утту
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын күмүш байгесин утту.
Жуманазарова 68 кг салмакта күч сынашты. Ал 5-августта таймашка чыгып, монголиялык Делгермаа Энхсайхан, япониялык Нонока Озаки жана нигериялык Блессинг Оборудуду өңдүү күчтүү атаандаштарын жеңип, финалга өттү.
Финал 7-августка караган түнү болду. Жуманазарова америкалык Амит Элор менен таймашка түшүп, 0:3 эсебинде жеңилип калды. Натыйжада Мээрим Жуманазарова күмүш байге утту.
Бул байге – Жуманазарова үчүн Олимп оюндарындагы экинчи медалы. 2021-жылы Токиодо ал коло уткан.
Учурда Париждеги оюндардан Кыргызстандын куржунунда бир коло жана бир күмүш бар. Коло байгени грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков утту.
https://reporter.kg/syjynchy-zholaman-sharshenbekov-olimpiadanyn-kolo-bajgesin-uttu-video/