Мекен үчүн курман болгон жоокердин ысымы өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке ыйгарылды

Мекен үчүн курман болгон жоокердин ысымы өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке ыйгарылды

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокер Жеңиш Иманбек уулунун ысымы өзү туулуп-өскөн Миң-Куш айылындагы мектепке ыйгарылды. Бул тууралуу Жумгал районунун акимчилигинен билдиришти.

Жеңиш Иманбек уулу 2000-жылы 9-майда Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. 2018-жылы Жусуп Сары уулу атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы сентябрда аскерге чакырылып, бир жыл кызмат өтөгөн. Андан кийин Чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүнүн Баткен отрядынын Капчыгай чек ара заставасында кызмат өтөй баштаган.

2022-жылы 17-сентябрда Баткен облусунда чек арада болгон куралдуу кагылышта мекенин коргоп, шейит кеткен.

Жакында эле, 2-сентябрда Миң-Куш айылындагы Н. Крупская атындагы орто мектепке Жеңиш Иманбек уулунун ысымы ыйгарылды. Иш-чарага район акими, айыл өкмөт башчысы, Иманбек уулунун жакындары, айыл тургундары катышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>