Мектеп бүтүрүүчүлөрү күбөлүк менен аттестаттарды 30-июнда алышат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү күбөлүк менен аттестаттарды 30-июнда алышат

30-июнда өлкөнүн бардык мектептеринде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Министрлик документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болорун билдирди.

Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 миң 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 миң 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>