•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Окуучулар үчүн жайында I чейректин программасы боюнча видеосабактар даярдалат

Мектеп окуучулары үчүн жайында видеосабактар даярдалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жыйында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда Жусупбекова депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди.

“Жай айларында окуучулар үчүн I чейректин окуу программасы боюнча видеосабактар даярдалат. Биз коркунуч жок деп ушуну менен токтоп кала албайбыз. Учурда мыкты мугалимдер менен команда түзгөнбүз“, – деди билим берүү министринин орун басары.

Жусупбекова белгилегендей, июнь, июль, август айларында I чейректин программасы боюнча телесабактар даярдалат. 

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан баштап ачылабы? Жооп

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Соңку суткада 5 адам илдеттен каза болду

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

COVID-19: Акыркы суткада 377 адамдан аныкталды, 5 киши каза болду

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Өкмөт кафе-ресторандарда той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *