Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Мектеп окуучулары жазгы каникулга качан чыгары белгилүү болду
01.03.2023 | 15:56
Быйыл мектеп окуучулары жазгы каникулга 22-мартта чыгат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эс алуу 26-мартка чейин уланып, окуучулар 27-мартта окууга бара баштайт.
Министрликтен белгилешкендей, быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат.
Ошол эле учурда, өкмөт 18-21-март күндөрүн эс алуу күнү деп белгилегендиктен, окучуулар 18-марттан 26-мартка чейин эс ала алышат.
Эскерте кетсек, буга чейин мектеп окуучулары 20-марттан 29-мартка чейин эс алары пландалган.
https://reporter.kg/mart-ajynda-kyrgyzstandyktar-kancha-kyn-es-alary-ajtyldy/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом