Таласта милиция окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери мектеп рекетчилигинин, топтошуп мушташуулардын, эрте никеге туруунун, баңгизат колдонуунун терс жактары боюнча түшүндүрүү иштерин алып барууда. Иш-чарага милиция бөлүмдөрүнүн башчылары, Талас облустук милициянын бөлүм жана кызмат жетекчилеринен тартып, өздүк курам толугу менен катышты.
«Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана укук бузууларга бөгөт коюу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жакында эле Бишкек жана Кара-Сууда эки мектеп окуучусу чоң класстагы балдар тарабынан сабалып каза тапкан. Бул окуялардан кийин мектеп рекетчилигине байланыштуу көйгөй күн тартибине чыкты.