Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековго байланыштуу ишин карады. Анын жактоочусу Сергей Манукян Аспековдун күнөөлүү эместиги боюнча далилдер чогулганын жана анын жүрөгүнө операция жасатканын эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди. Бирок, сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Аспеков 2021-жылдын январь айында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.