Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Мэр Бишкекке 50 миң дарак отургузула турганын билдирди
21.01.2026 | 12:24

Быйыл Бишкек шаарына 50 миң көчөт отургузулат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.
Мэрдин айтымында, көчөттөр февраль айынан баштап Бишкекке алынып келинет.
Ошондой эле ал алып келинген көчөттөр дароо отургузулбай турганын, алар алгач питомниктерге тигилип, жергиликтүү шартка көнүп кете алуусу сыналарын билдирди.
“Анткени, 2025-жылы 1500 дарак алынып келип, питомникке отургузулган, бирок алардын баары куурап калган. Ушул тажрыйбаны эске алуу менен көчөттөрдү алгач питомникке, андан кийин гана шаарга отургуза баштайбыз”,- деген мэр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом