Мэр сугат иштерин уюштуруудагы кемчиликтери үчүн «Бишкекжашылчарбанын» директоруна сөгүш жарыялады

Мэр сугат иштерин уюштуруудагы кемчиликтери үчүн «Бишкекжашылчарбанын» директоруна сөгүш жарыялады

Бишкек шаарында жашыл аймактарды кечкисин автоматтык сугаруу күчөтүлдү. Учурда бул ишке “Бишкекжашылчарба”, “Тазалык” жана “Бишкексууканал” муниципалдык ишканаларынан жалпысынан 47 адистештирилген техника тартылып, күн сайын саат 19:00дөн 24:00гө чейин жашыл аянттарды сугаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Салыштыруу үчүн: 2024-жылы сугат иштерине 20 техника тартылган болчу. 2025-жылы шаардык кызматтардын автопаркы жаңыртылып, техникалардын саны кыйла көбөйдү.

Бишкек шаарынын мэри төмөнкү тапшырмаларды берди:

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып, өзгөчө нымдуулук жетишсиз болгон аймактарга сугат иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле:

  • Сугат иштериндеги кемчиликтер үчүн “Бишкекзеленстрой” ишканасынын директоруна сөгүш жарыяланды;
  • Мастерлердин иши талданып, кемчиликтерди жоюу жана контролду күчөтүү тапшырылды;
  • Муниципалдык администрациялар өз аймактарындагы жашыл аянттарда үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кылышы зарыл.

Ирригация системаларын калыбына келтирүү

Шаар башчысы ирригациялык системаларды жана жашыл аянттар менен байланышкан инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин тез арада активдештирүүнү буйруду. Бул максатта ар бир районго 150 миллион сомдон каржы бөлүндү. Бул каражаттар ирригациялык системаларды, тротуарларды жана ички жолдорду оңдоого жумшалат.

Кошумча чаралар

  • Куураган чөптөр өз убагында чабылып, ысыкта өрт коркунучунун алдын алуу иштери жүргүзүлөт.
  • Сугат маселеси тынымсыз контролдо болот.

“Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору! Эгерде сиз сугарылбаган дарактарды же куурап калган газонду көрсөңүз, “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу сүрөт жана дарегин тиркеп кабар бериңиз. Тиешелүү кызматтар ыкчам чара көрүшөт”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>