Мэрия Айсулуу Тыныбековага батир менчиктеп берүүгө аракет кылууда

Мэрия Айсулуу Тыныбековага батир менчиктеп берүүгө аракет кылууда

Бишкек шаардык кеңеши эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү маселесин карайт. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, балбан кыздын кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон ири салымын эске алуу менен мэрия ага берилген 3 бөлмөлүү батирди кайтарымсыз негизде ыйгаруу боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан.

Аталган документ 19-ноябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин күн тартибине киргизилген.

“Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда өтө турган кезектеги XXXIII сессиясынын күн тартибине киргизилди”, — деп билдирет мэрия.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиону болуп, муну менен катар Токио олимпиадасына да жолдомо уткан. Кийин мамлекет башчы тарабынан үч бөлмөлүү батир белек кылынган. Бирок Турак жай кодексине ылайык, ал кызматтык үй катары гана каралган. Мыйзам боюнча спортчу көзү тирүү кезинде гана жашап, кийин мамлекет кайра өзүнө кайтарып алат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>