Мэрия: Бишкекте көмүрдүн баасын кымбаттатууга жол бербейбиз

Мэрия: Бишкекте көмүрдүн баасын кымбаттатууга жол бербейбиз

Бишкек мэриясы шаардык кызматтар жана райондук администрациялар жылытуу мезгилинде көмүр сатуу түйүндөрүнүн ишине текшерүү жүргүзүлүп жатканын кабарлады.   

Ага ылайык, күз-кыш мезгилинде көмүрдү чекене сатуу  баасын ортомчулар кымбаттатышына жол бербөө жана көмүр сатуучу пункттардын айланасында тазалыкты сактоо максатында чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн.

Ошондой эле шаар бийлиги борбор калаада 7 көмүр базасы жана 27 стационардык пункт бар экенин, көмүр сатуучу түйүндөрдө Кара-Кече жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн бир тоннасынын баасы 4000-4200 сомго чейин болуп жатканын кабарлады.

Иштеп жаткан пункттарда бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече, Шабыркүл) 170-280 сомдон, көмүрдүн тоннасы 4000-4500 сомдон болууда.

Мэрия көмүргө байланыштуу көйгөйлөр болсо жарандарды  0554 182-185 номерине кайрылып, билдирүү калтырып же сүрөт, видео жөнөтүүнү өтүнөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>