Токтоп турган унаадан идиш-аяк уурдашкан. Бишкекте 2 киши кармалдыЧүй облусунда браконьерлерге 250 миң сом айып пул салындыКызмат көрсөтүү Кыргызстандын экономикасынын локомотиви бойдон калуудаСезондук соода жана тамактануу жайларын күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү сунушталдыКыргызстанда балык чарбасына санариптик көзөмөл киргизилүүдөБишкектин көчөсүндө түтүк жарылып, жол менен короолорду суу каптады. Мэрия жооп берди
Мэрия: Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болууда
04.06.2020 | 14:04
Бишкекте шаарында коронавирус жуктуруп алуу коркунучу дагы эле жогору бойдон калууда. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, 4-июнга карата борбор калаада жалпы 499 адамдын анализинен коронавирус тастыкталган.
“Булардын ичинен 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп – 300 адамга жетти”, — деген вице-мэр.
Брифингдин спикери шаардыктарды бардык санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык жеке менчик мекемедер кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом