Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Мэрия: мектептерге жапырт карантин киргизилбейт
02.12.2025 | 10:59
Бишкектеги мектептерде КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшүнө карабастан, жапырт карантин киргизилбейт. Бишкек мэриясы билдиргендей, карантин санитардык кызматтардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, зарыл болгон учурларда гана киргизилет.
Шаарда жалпы билим берүү мекемелеринин абалы күн сайын көзөмөлдөнүп жатат. Зарыл болгон учурда Гигиена жана эпидемиология борбору тиешелүү көрсөтмө берип, андан кийин айрым класстар же топтор карантинге жабылышы мүмкүн.
Мындай чечимдер жергиликтүү деңгээлде кабыл алынып, тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө турат.
Мэрия ата-энелерди балдардын ден соолугун тыкыр көзөмөлдөөгө жана КРВИ же сасык тумоонун белгилери бар окуучуларды мектепке жөнөтпөөгө чакырды.