Бишкек шаарынын тургундарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасына 185 млн сом карызы бар. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, бир катар жарандар таштанды чыгаруу акысын убагында төлөбөй, карыз болуп жаткандыктан ишкананын кызматкерлерине маянасы кечиктирилип төлөнүп, атайын техникаларды оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет. Мындан улам «Тазалык» ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн карызы бар жарандардын үйлөрүнө атайын наклейкаларды чаптоону сунуштоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз