Франция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөт
Мэрия: Шаар тургундарынын “Тазалыкка” 185 млн сом карызы бар
08.09.2023 | 18:05
Бишкек шаарынын тургундарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына 185 млн сом карызы бар. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, бир катар жарандар таштанды чыгаруу акысын убагында төлөбөй, карыз болуп жаткандыктан ишкананын кызматкерлерине маянасы кечиктирилип төлөнүп, атайын техникаларды оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет. Мындан улам “Тазалык” ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн карызы бар жарандардын үйлөрүнө атайын наклейкаларды чаптоону сунуштоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом