Иранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирдиАР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?
Миграцияга байланыштуу мыйзам долбоору Думага сунушталды
15.10.2023 | 14:33
Мигранттарга таксиде, медициналык жайларда, мектепте жана башка тармактарда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору октябрдын башында Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилип, мыйзам долбоорлордун базасына жайгаштырылды.
Анда “Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык Россиянын өкмөт жыл сайын чет элдик жарандарга айрым тармактарга квотаны белгилеп турат. Экономиканын ар бир тармагында иштеген мигранттардын саны 5 пайыздан ашпашы керек.
Долбоор боюнча медицина, билим берүү, такси, мамлекеттик жана муниципалдык тармакта иштөөгө толук тыюу салынат.
“Мыйзам долбоору кабыл алынса, мигранттардын саны азайып, орус жарандарынын жумуш менен камсыз кылууга жол ачылат”, – дейт Думанын депутаттары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом