Балдар үчүн ишеним телефону. Бир суткада 250 кайрылуу түштү

Балдар үчүн ишеним телефону. Бир суткада 250 кайрылуу түштү

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – 8 октябрына чейин 1756 телефондон кайрылуу түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

51 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. Алардын 13 же 25,5 пайызы- жаш балдар, ал эми 38 же 74,5 пайызы — чоң кишилер.

Кайрылгандар социалдык колдоо, балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси боюнча кеп-кеңеш, финансылык, юридикалык жана башка жардам сурашат.

Телефон чалган 3 бала үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар тууралуу маалымдаса, дагы үчөө психологиялык жардам, 1 бала – балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө кабарлаган.

Калган 1705 телефон чалууда интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан.

Министрлик маалыматында, кайрылгандар көбүнчө аты-жөнүн айткысы келбейт (25,5 пайыз).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>